Темирлик

Билбейм деп коркпо, үйрөнбөй жатам деп корк.

WordPress

Кыргыз акын-жазуучуларынын сайттары

2010-жылдары “Кыргыз маданият борбору” сайтымды жаңыдан ачып иштетип жатканымда кыргыз тилдүү сайттардын топтомун түзгөнгө аракет кылдым эле. Ошондо айрым акындарыбыздын жеке сайттарын көрүп катуу кубанган болчумун. Алар Алтынбек Исмаиловдун, Муса Мураталиевдин, Аалы Туткучевдин, Айтмырза Абылкасымовдун сайттары болчу. Кыргызча “сүйлөгөн” сайттар аз кезде, акын-жазуучуларыбыздын интернет айдыңын өздөштүрүүгө аракеттери келечектен көптү үмүттөндүрөт эле. Бирок… Акын-жазуучуларыбыздын сайттары андан …

Кыргыз акын-жазуучуларынын сайттары Читать полностью »

Аудиону блогго жайгаштыруу

Сайттын ээлери негизинен видеого басым жасап, аны сайтка жайгаштыргысы келет. Кантип видеону wordpress блогдоруна жайгаштырса болоорун бул жерде айтып бергем. Бүгүн биз аудиону жайгаштырганды үйрөнөбүз. Бирок бул сабактын башында эскерте кете турган нерсе бар. Биз аудио файлды сайтка жүктөөнү кубаттабайбыз. Анткени сайт салмактуу болуп, анын ачылышы кыйын болуп калышы мүмкүн. Биз негизинен башка атайы адистештирилген сайттарда …

Аудиону блогго жайгаштыруу Читать полностью »

WordPressтин кыргызча версиясын активдештирүү

http://journalist.kg сайтында ачылган блогдорду толугу менен “кыргызча сүйлөтүүгө” мүмкүнчүлүк түзүлгөн. “Кыргызча сүйлөтүү” дегеним блогдогу негизги нерселер: админ бет, макала жайгашкандагы айдын аталышы ж.б.д.у.с толгон нерселер кыргызча болот. Бардыгы 100%га толугу менен кыргызча болот деген алыспыз. Ага жетиш үчүн дагы толтура иш кылыш керек. Белгилей кетсек, WordPress ал эмес орус тилине толук которулуп бүтө элек. Эми …

WordPressтин кыргызча версиясын активдештирүү Читать полностью »

Жазуулардын чыгуу датасын пландаштыруу

WordPressте жазуулардын жарыялануу датасын пландаштыруу боюнча пайдалуу мүмкүнчүлүк бар. Бул эмне? Мисалы, сиз, илхам келип, бир күндө 2-3 макала жазып койдуңар. Бирок кийинчирээк мындай илхамдын кайра келишине ишеним жок болгондуктан, материалдардын бардыгын бир убакта жарыялабай, 2-3 күндө же жумасына бир макала жарыяланып турушун каалашыңар мүмкүн. Муну тийиштүү убакыт келгенде кезектеги макаланы жарыялоо менен ишке ащырса …

Жазуулардын чыгуу датасын пландаштыруу Читать полностью »

Блог ачаардын алдында

Блог ачкканга кызыккандар көп учурда эмнеден баштаарын билбей бушайман болушат. Так ушул кезде алар тажрыйбасы бар бирөөнүн кеп-кеңештерине өзгөчө муктаж. Менин тажрыйбам чоң деп айта албайм. Бирок билгенимдин пайдасы тийип калаттыр. Төмөндө келтирилген кеңештерим бир кезде орусча жазган макаламдын кошумча-алымчасы менен котормосу. 1. Блог ачаардын алдында, ал эмне тууралуу болоорун алдын-ала тактап, чечип алыш керек. …

Блог ачаардын алдында Читать полностью »

Блогго видеону жайгаштыруу

Видеонун артыкчылыктары Видеону блогго жайгаштыруу менен блогдун мазмунун окурмандар үчүн кызыктуурак кылса болот. Андан сырткары, адистердин айтымында, блогуңардагы видео: – блогуңарга кирген адамдардын санын өстүрөт, анткени адамдардын көбүнө текстти окугандан көрө видеону көргөн кызыктуурак; – блогуңуздун коногу маалыматты көзү менен көрүп, кулагы менен да угуп кабылдайт. Мындайда маалымат жеңил кабылданып, эсте жакшы сакталып калат; – …

Блогго видеону жайгаштыруу Читать полностью »

Блог тууралуу катка жооп

journalist.kg сайтындагы блогерлерибиздин бири бизге төмөнкү мазмундагы кат жөнөтүптүр: Сиздерге менден өтүнүч жана сунуштар бар: 1. Эгер мүмкүн болсо башка темаларды да кошуп коесуздарбы. Чыгармачыл адам бир орунга тургусу келбейт экен. 2. Башка коомдук желелерге бөлүшүү плагинин да өзгөртсөңүздөр сонун болмок. Мисалга, Клооптуку сыяктуу, Биз дагы Клооптон кем калбай, алар менен тең тайлашып journalist.kg сайтын …

Блог тууралуу катка жооп Читать полностью »

Блогдун темасын өзгөртүү

Биздин сайтта блогдорун ачкан блогерлер дагы 9 жаңы теманы колдоно алышат. Алардын арасында жөнөкөйлөрү да бар, ошондой эле атайы даярдыкты, WordPresste иштөө тажрыйбасынын болушун талап кылгандары да бар. Эскерте кете турган нерсе, жаңы теманы колдонуу менен сиздер блогуңардын сырткы келбетин гана эмес, анын мүмкүнчүлүктөрүн да өзгөртөсүздөр. Эгер кийимдин мисалында айта турган болсок, костюмдун топчулары аз же көп, чөнтөктөрү башка формада …

Блогдун темасын өзгөртүү Читать полностью »

Биринчи жазуу/Первый пост

Кыргызча Блогду каттап, ага биринчи жазууңарды жайгаштырардын алдында бир нерсени эске алсаңар. Блогду жаңыдан каттаганыңызда андан мындай жазууну көрөсүз. Бул жазууну оңдоп, үстүнө жаңы текстти жазбай, аны өчүрүп, жаңы жазууну ачканыңар оң. Мына ошондо сиздин биринчи жазууңуз http://journalist.kg сайтындагы блогдор топтомунда чагылдырылат.  На русском После того, как вы зарегистрировали свой блог вам захочется написать и свой …

Биринчи жазуу/Первый пост Читать полностью »

Блогдун окурмандарын көбөйтүү

Бул материалдын жаралышына Үсөн Касыбеков байке себепкер болду. Тагырак айтканда, Үсөн байкеге жазганымды бир аз оңдоп, калың журтка да сунуштап көрөйүн дедим. Анткени бул жерде көтөрүлө турган маселе өз блогдорун алып барып жаткандардын көбүн түйшөлтүп келсе керек. Бул маселе – кантип блогдун окурмандарын көбөйтсө болот? Мен өзүмдү бул маселе боюнча чоң адисмин деп эсептебейм. Бирок …

Блогдун окурмандарын көбөйтүү Читать полностью »