Темирлик

Билбейм деп коркпо, үйрөнбөй жатам деп корк.

Окутуулар

Иш тажрыйбама жана жашоодогу кызыгууларыма байланыштуу төмөнкү багыттар боюнча окутууларды өткөрүп келем:

ЖУРНАЛИСТИКА:

Жаңылык жазуу, аналитика, журналистикадагы жаңы форматтар, экологияга, гендерге жана майыптыгы бар адамдарга байланыштуу темаларды чагылдыруу, санариптик коопсуздук, медиа сабаттуулук ж.б. 

WordPress сайтты ачып иштетүү, матералдарды туура жана кооз жайгаштыруу, сайтты инетрнетте жылдыруу ж.б.

АКЫСЫЗ IT-АСПАПТАР, ПРОГРАММАЛАР:

Телеграмдагы “ЖОЛ VIP” жабык каналымда кайсы бир пайдалуу аспаптарды, программаларды же ыкмаларды колдонуу жолдорун кенен түшүндүрүп, көрсөтүп берем.

Тексттик нускамада ар бир кадам анын сүрөтү (скриншоту) менен коштолуп берилет. Аны менен катар видеосабактар да болот.

Ошондой эле жабык каналга жазылгандар, мени менен жеке жолугушуп (байланышып) айрым маселелер боюнча жардамымды ала алышат.

Жабык каналдагы материалдар менен таанышуу үчүн акы төлөө керек – айына (30 күнгө) – 200 сом.

Каналга жазылуу.

АДАБИЯТ:

Телеграмдагы SANAT KG жабык каналды мен жана Жыргалбек Касаболотов экөөбүз алып барабыз.

Анда ыр жазуу өнөрү тууралуу пайдалуу материалдар, адабий талдоолор, кыргыз поэзиясына байланыштуу этюддар жарыяланып турат.

Каналга жазылгандар ырларын талдоого жибере алышат.

Каналга жазылуу бир айга 3 евро турат.

Бөлүшүү баракчалары: