Темирлик

Билбейм деп коркпо, үйрөнбөй жатам деп корк.

Эмне үчүн сайт керек?

Азыр адамдан баштап чоң компанияларга чейин бардыгы соц тармактарда отурушат. Ой пикирлери менен бөлүшүп, жасаган иштери тууралуу материалдарды жарыялашат.

Бирок соцтармактар сизге керектүү маалыматтарды (материалдарды) иреттеп, аларды таап колдонуу ыңгайлуулугун ойлонуштурбайт. Посттор хронологиялык иретте гана жарыяланат. Мындайда айрым зарыл материалдарды табуу кыйынчылыкты жаратат.

Аны менен катар соцтармактардын өзгөчөлүгү айрым маалыматтар менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. 

Ошондой эле адам соц тармактын ээсине толугу менен көз каранды. Ал аныктаган тартипте гана иш алып баруу керек. Соц тармак күтүлбөгөн жерден жабылып да калышы мүмкүн.

Сайт соц тармактарга атаандаш эмес. Бирок соц тармакта мүмкүн эмес болгон нерселерди жасаганга мүмкүнчүлүк берет:

  • маалыматтарды иреттеп, кайсы бир тартипте сактаганга, архивди түзгөнгө;
  • керектүү маалыматты бат таап алганга;
  • маалыматты каалагандай кылып жасалгалап жарыялоого;
  • сайттагы маалыматтарга толук ээлик кылууга. 

Эмне үчүн WordPress?

Дүйнө жүзүндөгү сайттардын үчтөн биринен көбү WordPress контентти башкаруу системасында (CMS) иштейт – башкача айтканда 43%. 

Бул анын жөнөкөйлүгү жана ийкемдүүлүгү менен түшүндүрүлөт. Бул CMS-те сайт ачып иштетүү үчүн код жазууну сөзсүз эле билүүнүн кереги жок. Компьютерди колдонгонду жакшы билсеңиз жетиштүү болот. Ошондой эле анда каалагандай сайтты (жаңылык сайты, лендинг, интернет дүкөн, блог ж.б.д.у.с.) ачып иштетсе болот.

Сайт жасоонун баасы...

Домен - сайттын интернеттеги дареги.

Бир дарек бир сайтка бир жылга гана берилет. Анын баасы ар башка зоналарда ар башка:

.KG зонасында - 2600 сомдун айланасында;

.COM, .ORG, .NET ж.б.у.с. домендик зоналарда - 8 доллардан жогору. Айрым учурда 1-4 доллар турган арзан домендик ысым сатып алса болот. Бирок бул, адатынча, 1 жылдык акция болуп саналат. Кийин 2-3 эсе көбүрөөк төлөй баштайсыңар.

Хостинг - сайтыңарга тийиштүү бардык файлдар, маалыматтар сакталуучу жер. Салыштырып айта турган болсок, ал сайтыңар үчүн ижарага бериле турган бөлмө же батир.

Хостингдер сайтка берилүүчү оруну, андагы маалыматтарды иштетүү боюнча кубаттуулугу ж.б.д.у.с. нерселери менен айырмаланат.

Жөнөкөй сайт үчүн ылайыктуу жакшы хостингдердин баасы жылына, орточо алганда, 34 доллардан жогору.

 

Сайтты жасоодо көңүл бурулуучу нерселер:

ДИЗАЙНЫ. Сайттын сырткы келбети, жасалгаланышы.

ФУНКЦИОНАЛДУУЛУГУ. Сайттын мүмкүнчүлүктөрү. Ал, адатынча, сайттын түрүнө байланыштуу: бир барактуу сайтпы, блогбу, жаңылык сайтыбы, порталбы, интернет дүкөнбү ж.б.д.у.с.

WordPress-те дизайны жана функционалдуулугу боюнча толтура даяр Темалар (шаблондор) бар. Аларды сайт ээсинин каалоосу боюнча ыңгайлаштырып алса болот. Темалар акысыз жана акылуу болот. Акысыздары жөнөкөйүрөөк, мүмкүнчүлүктөрү азыраак болоору айтпаса да түшүнүктүү. Бирок жөнөкөй сайтка акысыз темалар толук жетиштүү. Ал эми мүмкүнчүлүктөрү кенен сайт керек болсо, анда туура келген жакшы Теманы сатып алуу керек болот. Алардын баасы 40-80 доллар. 

Буга сайт жасаган адистин эмгек акысын кошобуз. Сайттын татаалдыгына жараша 10000 сомдон жогору.

ЖӨНӨКӨЙ САЙТ (БЛОГ, БИР БАРАКТУУ САЙТ)

Домен

700-2600 сом

Хостинг

Орточо 3000 сом

Тема + плагин

Акысыз

Адистин эмгеги

10000-15000 сом

ЖЫЙЫНТЫГЫ

13700-20600 сом

ЖАҢЫЛЫК САЙТЫ

Домен

700-2600 сом

Хостинг

Орточо 3000 сом

Тема + плагин

3300-6600 сом

Адистин эмгеги

15000-40000 сом

ЖЫЙЫНТЫГЫ

22000-52200 сом

Мен сайтты жасап берүүдөн сырткары WordPress сайты менен иштөө боюнча, ага материалдарды туура жана кооз кылып жайгаштыруу боюнча сабактарды да АКЫСЫЗ өтүп берем!!!

Кошумча

Эгерде сайтты ачканы ачып алып, бирок аны иштеткенге, такай материал жарыялап турганга, сайтты интернетте жылдырганга убактыңар, мүмкүнчүлүгүңөр жетпей жатса

КАЙРЫЛГЫЛА!!!

  Кызматташуу жолун сүйлөшсөк болот.

Бөлүшүү баракчалары: