Жашоо ушунчалык көп кырдуу, анда кызыктуу нерселер ушунчалык көп дейсиң! Баардыгын билгиң, үйрөнгүң келет! Бирок бул мүмкүн эмес.
Бул сайтта мени кызыктырган айрым нерселер тууралуу жазып турам. Балким билгендерим, үйрөнгөндөрүм башкаларга да пайдалуу болоттур.
Алар:
- журналистика
- адабият
- сайттарды жасоо
- окутуулар
- адамдын өзүн өзү өстүрүүсү ж.б.д.у.с.
Бул сайттан сырткары дагы телеграмда бир нече каналдарды алып барам. Ал каналдар тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден алсаңар болот.
Мени менен байланышууну кааласаңар, tokoevm@gmail.com почтама жазгыла.
Бөлүшүү баракчалары:
Салам алейкум чогуу иш алып барбайлыбы
Салам.
Сайтыңар менен таанышып чыктым. Азырынча үстүртөн. Жакшы иш баштапсыңар. Балким кызматташууга, чогуу иштешүүгө жол табаттырбыз. Бир гана неге кыргыз тамгаларын колдонбойсуңар? Атайы кыргызча жазып, кыргыз тамгаларын колдонбогонуңар кызык көрүнүп калат экен.
Колдоно баштайбыз
Саламатсыздарбы. Кыргызстанда белгилуу каллиграфтар кимдер? Аябай керек болуп атат эле, жооп берип коюнуздарчы, сураныч.