Темирлик

Билбейм деп коркпо, үйрөнбөй жатам деп корк.

WordPress боюнча

Дүйнө жүзүндөгү сайттардын үчтөн биринен көбү WordPress контентти башкаруу системасында (CMS) иштейт – башкача айтканда 43%. Бул анын жөнөкөйлүгү жана ийкемдүүлүгү менен түшүндүрүлөт. Бул CMS-те сайт ачып иштетүү үчүн код жазууну сөзсүз эле билүүнүн кереги жок. Компьютерди колдонгонду жакшы билсеңиз жетиштүү болот. Ошондой эле анда каалагандай сайтты (жаңылык сайты, лендинг, интернет дүкөн, блог ж.б.д.у.с.) ачып иштетсе болот.

Сайт жасоо жана ал тууралуу окутууларды жүргүзүү тажрыйбама таянып WordPress сайтын ачып иштетүү боюнча төмөнкү сабактарды сунуштап жатам. Алар адамдын бул CMS менен тааныштыгына, билимине байланыштуу бөлүштүрүлдү. Окутуулардын онлайн жана оффлайн түрлөрү каралды.

Курстардын аталышы Ким үчүн
WordPress менен таанышуу. Жөнөкөй сайт ачып иштетүү. Жаңыдан үйрөнүп жаткандарга.
Сайтка материалдарды жайгаштыруу Сайт менен иштөөдө бир аз тажрыйбасы барлар үчүн.
Gutenberg редактору менен иштөө
Сайт менен иштөөдө тажрыйбасы бар, сайтка жарыяланган материалдардын көрүнүшүн жакшырткысы келгендер үчүн.
Сайтты кыргызчалоо Сайт менен иштөөдө тажрыйбасы бар, сайтын жакшырткысы келгендер үчүн.
Сайттын коопсуздугун камсыздоо
Сайт менен иштөөдө тажрыйбасы бар, сайтын жакшырткысы келгендер үчүн.
Сайтты өзүң каалагандай кылып жасалгалоо. Elementor менен иштөө Сайт менен иштөөдө тажрыйбасы бар, сайтын жакшырткысы келгендер үчүн.
WordPress боюнча кеңештер Сайтын жакшыртуу боюнча кеп-кеңештерди алгысы келгендер үчүн.

 

Курстардын программасы:

WordPress менен таанышуу. Cайт ачып иштетүү

Бул курс WordPress тууралуу түшүнүгү жок жана сайт ачып иштетүүнү жаңыдан үйрөнүп жаткандарга ылайыкташтырылган. Ал ?? сабактан турат. Курсту аяктагандар WordPres-те сайтын ачып, аны иштеткенди жана ага материалдарды туура жайгаштырганды үйрөнүшөт.

1-сабак: Сайт ачаардын алдындагы даярдык

  • Эмне максатта сайт ачып жатам?
  • Ким үчүн, эмне тууралуу жазам?
  • Сайттын кандай рубрикалары, баракчалары болот?
  • Сайттын сырткы көрүнүшү, түзүмү кандай болот?

2-сабак: Домен, хостинг менен таанышуу, сайтты ачуу

  • Домен деген эмне, аны кайдан, кантип сатып алса болот?
  • Хостинг деген эмне, аны кантип тандоо керек?
  • Сайтты ачуу жана аны алгачкы жөндөө.

3-сабак: Плагиндерди жүктөө, сайтты жасалгалоо

  • Темалар жана плагиндер.
  • Теманы тандоо, жүктөө жана жөндөө.
  • Керектүү плагиндерди жүктөө жана аларды жөндөө.

4-сабак: Айрым керектүү плагиндерди жөндөө

  • Плагиндерди жөндөөнү улантуу

5-сабак: Сайтка материалдарды жайгаштыруу

  • Сүрөттөр менен иштөө (фоторедакторлор)
  • Текстти сайтка даярдоо
  • Текстти жарыялоо
  • Видеону жарыялоо

 

Ар бир сабактын узактыгы – 1-1,5 саат

Жалпы курстун баасы:

Онлайн окутуулар үчүн – 1500 сом – ЖАЗЫЛУУ.

Оффлайн окутуулар үчүн (жекеме жеке же чакан топто) – 2000 сом – ЖАЗЫЛУУ.

⇑ Курстардын тизмегине 

 

Сайтка материалдарды жайгаштыруу

  • Сүрөттөр менен иштөө (фоторедакторлор)
  • Текстти сайтка даярдоо
  • Текстти жарыялоо
  • Видеону жарыялоо

Сабактын узактыгы – 1-1,5 саат

Сабактын баасы:

Онлайн окутуу үчүн – 200 сом – ЖАЗЫЛУУ.

Оффлайн окутуу үчүн (жекеме жеке же чакан топто) – 300 сом – ЖАЗЫЛУУ.

⇑ Курстардын тизмегине

 

Gutenberg редактору менен иштөө

  • Gutenberg редактору менен таанышуу
  • Постту жасалгалоо
  • Мукаба
  • Колонкалар
  • Кнопкалар

Сабактын узактыгы – 1-1,5 саат

Сабактын баасы:

Онлайн окутуу үчүн – 300 сом – ЖАЗЫЛУУ.

Оффлайн окутуу үчүн (жекеме жеке же чакан топто) – 400 сом – ЖАЗЫЛУУ.

⇑ Курстардын тизмегине

 

Сайтты кыргызчалоо

  • Loco translate плагини
  • Плагинди жүктөө жана жөндөө
  • Сайтты кыргызчалоо

Сабактын узактыгы – 1-1,5 саат

Сабактын баасы:

Онлайн окутуу үчүн – 200 сом – ЖАЗЫЛУУ.

Оффлайн окутуу үчүн (жекеме жеке же чакан топто) – 300 сом – ЖАЗЫЛУУ.

⇑ Курстардын тизмегине

 

Сайттын коопсуздугун камсыздоо

  • Сайттын коопсуздугу боюнча эрежелер
  • Логин барагын жашыруу
  • Сырсөздү киргизүүгө чектөө киргизүү
  • Бекапты уюштуруу
  • Коопсуздук плагиндери

Сабактын узактыгы – 1-1,5 саат

Сабактын баасы:

Онлайн окутуу үчүн – 300 сом – ЖАЗЫЛУУ.

Оффлайн окутуу үчүн (жекеме жеке же чакан топто) – 400 сом – ЖАЗЫЛУУ.

⇑ Курстардын тизмегине

 

Сайтты өзүң каалагандай кылып жасалгалоо. Elementor менен иштөө

  • Elementor плагинин жүктөп активдештирүү
  • Плагин менен баракты жасалгалоо
  • Шаблондорду түзүү жана колдонуу

Сабактын узактыгы – 1-1,5 саат

Сабактын баасы:

Онлайн окутуу үчүн – 300 сом – ЖАЗЫЛУУ.

Оффлайн окутуу үчүн (жекеме жеке же чакан топто) – 400 сом – ЖАЗЫЛУУ.

⇑ Курстардын тизмегине

 

WordPress боюнча кеңештер

Кеп-кеңеш берүү жолу (онлайн же оффлайн) жана убактысы тууралуу өз ара макулдашуу аркылуу.

Узактыгы – 1-1,5 саат

Баасы:

Онлайн – 500 сом – ЖАЗЫЛУУ.

Оффлайн – 500 сом – ЖАЗЫЛУУ.

⇑ Курстардын тизмегине

Ал эми сайтты өзүңөр ачып, жасап убара болгуңар келбесе,
сайтты башка бирөөнө жасатып алууну туура көрсөңөр,
анда мага КАЙРЫЛГЫЛА:

TOKOEVM@GMAIL.COM

+ 996 777 45 10 83

Силердин каалооңордогудай сайт жасап бергенге даярмын
+ сайтка материалды туура чыгарууну да үйрөтүп берем.

Бөлүшүү баракчалары: