Темирлик

Билбейм деп коркпо, үйрөнбөй жатам деп корк.

Аймактык медиалар эмне үчүн өнүкпөй жатат?

Элеттиктер районунда, айыл өкмөтүндө болуп жаткан окуяларга караганда борбор калаада, керек болсо дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды жакшыраак билет. Бул алардын кызыгуусу ушундай болгонунан эмес. Ар бир адам, биринчи кезекте, ал жашаган жерде болуп жаткан, анын жашоосуна түздөн-түз таасир эте турган  жаңылыктарга кызыгат. Жөн гана өлкөбүздүн калкынын ⅔ бөлүгү жашаган элет жеринде анын жашоосун чагылдырган медиалар же аз, …

Аймактык медиалар эмне үчүн өнүкпөй жатат? Читать полностью »

Марат Токоев: “Мен үчүн жашоо, дүйнө эң сырдуу нерсе”

Бар болуңуз, Нурзат! Бул суроолоруңузду окуу мага бир чети кубаныч болду, бир чети алар мени катуу ойго салды. Ар бир эле адамга анын жан дилинен жаралган нерсеге, акындар үчүн ырларына, башкалардын да кызыгуусу болгону сүйүндүрбөй койбойт болушу керек. Суроолоруңуздардан ырларымды жөн гана “жагат”, “жакпайт” деп окуп койбостон, кунт коюп, үңүлүп окуганыңыз, аларды окуп жатканда жаралган …

Марат Токоев: “Мен үчүн жашоо, дүйнө эң сырдуу нерсе” Читать полностью »

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жыргалбек Касаболотов, Мезгил Исатов жана мен (Марат Токоев) кирген калыстар тобунун жыйынтыгы боюнча, 55 сөздөн турган кыска чыгармалар сынагында орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: 🥇 Зинакан Пасаңова “Муусапырлар” атту чыгармасы менен (№72); 🥈 Кайыргүл Абдырахманова “Оксолин” деген чыгармасы менен (№10); 🥉 Асеин Маданбеков “Сакталган өмүрлөр” деген чыгармасы менен (№56). Жеңүүчүлөрдү жеңиши менен куттуктайбыз! 🎉 Алардын ысымдары каналыбыздын …

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды Читать полностью »

“Кыргыз маданият борбору” сайтында акыркы чыгармаларым жарыяланды

“Кыргыз маданият борбору” сайтында менин акыркы кезде жазылган чыгармаларыма жана котормолорума байланыштуу эки топтом жарыяланды: Марат Токоев: Тоңгонбу түнү? Зарыгып ай да күтөт… Марат Токоев: Дүйнөлүк адабияттан котормолор Учурда “Кыргыз маданият борбору” сайтына Рахат Аманова ээлик кылат.  

Кытайлык кыргыздардын сайттары азайганбы?

Мындан он жылдай мурун интернет айдыңында кыргыз тилиндеги кызыктуу сайттарды табуу машакаттуу иш эле. Ошондо менде кыргыз окурмандарына жардам иретинде кыргызча сайттардын каталогун түзсөмбү деген ой пайда болуп, аракет көрө баштаган элем. Учурдагы бул сайтымдагы каталог ошонун негизинде жасалган. Аны ондоп жаткандагы бир кейиштүү ачылышым менен бөлүшөйүн дедим. Илгери каталогду түзүп жатканда кытайлык кыргыздардын көп …

Кытайлык кыргыздардын сайттары азайганбы? Читать полностью »

Акысыз сүрөттөрдүн кампалары

Учурда мурдагыдай жаккан сүрөттү интернеттен көчүрүп алып, аны колдоно берүү мүмкүн эмес. Автордук укукту коргоого катуу көңүл бурула баштады. Мындайда акысыз сүрөттөрдүн кампалары жардамга келиши мүмкүн. Loon.site – аталган сайтта Pexels, Unsplash, Pixabay, Flickr сыяктуу белгилүү сүрөт кампаларынан керектүү сүрөттү издегенге мүмкүнчүлүк бар. Аларды сайтта катталбай эле, каалаган максатта колдонуу үчүн акысыз жүктөп алса болот. …

Акысыз сүрөттөрдүн кампалары Читать полностью »

Кыргыз акын-жазуучуларынын сайттары

2010-жылдары “Кыргыз маданият борбору” сайтымды жаңыдан ачып иштетип жатканымда кыргыз тилдүү сайттардын топтомун түзгөнгө аракет кылдым эле. Ошондо айрым акындарыбыздын жеке сайттарын көрүп катуу кубанган болчумун. Алар Алтынбек Исмаиловдун, Муса Мураталиевдин, Аалы Туткучевдин, Айтмырза Абылкасымовдун сайттары болчу. Кыргызча “сүйлөгөн” сайттар аз кезде, акын-жазуучуларыбыздын интернет айдыңын өздөштүрүүгө аракеттери келечектен көптү үмүттөндүрөт эле. Бирок… Акын-жазуучуларыбыздын сайттары андан …

Кыргыз акын-жазуучуларынын сайттары Читать полностью »

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынак

Бир кезде New Time журналы жарыялаган сынакты биз дагы жарыялап көрөлү деп чечтик. Ал сынакка катышкан айрым чыгармалардын котормолору менен “КЫСКА-НУСКА” каналынан тааныша аласыздар (#55сөз хештеги менен белгиленгендер). 👉 Сынактын шарттары: – Сынактын аталышында эле айтылып тургандай, чыгарма 55 сөздөн турушу керек; – Чыгармада сюжеттин тактыгы, каармандардын элестүү болушу жана чыгарманын күтүүсүз аякталышы зарыл. – …

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынак Читать полностью »

Кимге WordPress сайт керек?

Блог ачкыңыз келеби? Ишканаңыздын (фирмаңыздын) сайты керекпи? Жаңылык сайтын иштеткиңиз келеби? Сайтты ачып, иштеткенди үйрөнүп, өзүңөр керектүү сайт ачып иштетсеңер болот. Учурда толтура керектүү окутуулар бар. Мен да WordPress сайтты ачып иштетүү боюнча офлайн жана онлайн сабактарды өткөрүп келем. Ал эми эгерде, окуп, үйрөнүп убара болгуңуз келбесе, буюртма берип сайт жасаткыңыз келсе мен кыялыңызды ишке …

Кимге WordPress сайт керек? Читать полностью »

Учурда медиалар эмнеге умтулушу керек?

Июндун башында Бишкекте “Медиа Топтоо” деген аталыштагы чоң медиа форум өтүп, анда мага “Аймактык журналистиканы өнүктүрүү” деген сессияга спикер катары катышып берүүнү суранышты эле. Бул иш-чараны уюштурган Интерньюс уюму форумдун жыйынтыгы боюнча чоң материал даярдаптыр. Макалада менин сессияда сүйлөгөндөрүм да бар экен: Марат Токоев, «Журналисттер» коомдук бирикмесинин өкүлү, медиа-тренер: Медиа тармагында чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. …

Учурда медиалар эмнеге умтулушу керек? Читать полностью »