Темирлик

Билбейм деп коркпо, үйрөнбөй жатам деп корк.

Аймактык медиалар эмне үчүн өнүкпөй жатат?

Элеттиктер районунда, айыл өкмөтүндө болуп жаткан окуяларга караганда борбор калаада, керек болсо дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды жакшыраак билет. Бул алардын кызыгуусу ушундай болгонунан эмес. Ар бир адам, биринчи кезекте, ал жашаган жерде болуп жаткан, анын жашоосуна түздөн-түз таасир эте турган  жаңылыктарга кызыгат. Жөн гана өлкөбүздүн калкынын ⅔ бөлүгү жашаган элет жеринде анын жашоосун чагылдырган медиалар же аз, же чабал, же, көп учурда, жок. Ал эми борбордук медиалар бул маалыматтык таңсыздыкты тийиштүү деңгээлде толтура албайт – жөн гана мүмкүнчүлүктөрү жетишпейт жана да көбүнүн кызыкчылыктары башка. 

Эмне үчүн аймактык медиалар жакшы өнүкпөй жатат? Себептери көп. Биздин редакция медианын өзүнө байланыштуулардын айрымдарына токтолуп кетүүнү туура көрдү.

Аймактык медиалардын алтын доору жана учурдагы абалы

2000-жылдын башы аймактык медиалар үчүн алтын доор болгон десем жанылышпайт болушум керек. Дээрлик ар бир облуста мамлекеттик райондук жана облустук гезиттерден сырткары бир канча көз карандысыз гезиттер жана радио-, телеканалдар болот эле. Мисалы, алыскы Нарында жеке менчик “Аян ТВ” жана “Шаңкай ТВ” телеканалдары, “Теңир-Тоо” жана “Алмаз-Нарын” радиолору бир-бири менен атаандашып, naryn.kg сайты иштеп келет болчу.

Кийин Интернет заманы күчүнө кирип, дээрлик ар бир адам журналист боло алган учурда аймактын жашоосун чагылдырган маалыматтар да көбүрөөк болоорун күтсөк болот эле. Бирок, тилекке каршы, андай боолбоду. Азыр ошол эле Нарын облусунда салттуу медиа деп эсептелген бир да жеке менчик радио- жана телеканал калбады, ал эмес сайт дагы көп жылдан бери иштебейт. Мындай көрүнүш дээрлик бардык облустарда байкалат.

Таңгалычтуусу, интернет технологиялар жакшырып, арзандап, кеңири колдонула баштаган заманда аймактык жашоону чагылдырган, салттуу ЖМКга тиешеси жок, өз алдынча иштеген маалыматтык сайттардын саны да көбөйбөдү. Учурда андай сайттардан аймактарда:

  • Ошто 2 сайт – https://www.oshto.kg/http://www.uzpress.kg/ru/ (жергиликтүү медиаларга тиешеси бар 10 чакты сайттарды эске албаганда),
  • Жалал-Абадда 2 сайт – https://versia.kg/http://kogart.kg/ (“Аймак” гезитине тийиштүү сайтты жана башка булактардан гана маалыматтарды алып койгон http://vzglyadriv.kg/ сайтын эске албаганда),
  • Ысык-Көлдө 1 сайт – https://www.karakol.com.kg/ (аймактын жашоосун чагылдырбаган http://tyup.net/ сайтын эске албаганда)
  • Нарында – жок,
  • Таласта – жок,
  • Баткенде – жок (“Салам” радиосунун сайтын эске албаганда),
  • Чүйдө – жок (1 жергиликтүү гезиттин сайтын жана  башка булактардан гана маалыматтарды алып койгон https://kant.kg/ сайтын эске албаганда).

Бул сайттардын да окурмандары көп эмес – аларга күнүнө 100дөн ашпаган колдонуучу кирет.

Балким, эл аймактык жаңылыктарга анчалык деле кызыкпастыр, ошону үчүн ушундай көрүнүш болуп жаткан жокпу? Менимче, андай эмес. Аймактын жашоосун чагылдырууга адистешкен “АКИпресс” МАга тийиштүү “Турмуш” сайтынынын көрсөткүчтөрүнө кайрылып көрсөк.

Кыргызстандык сайттардын рейтингин аныктаган Net.kg кызматынын 9-ноябрда түштө жасалган скриншоттонунан “Турмуш” сайты популярдуулугу боюнча 5-катарда экенин байкасак болот. Демек аймактык жаңылыктарга чоң кызыгуу бар.

Себептери

ЖМКнын маанилүү коомдук ролу болгону менен, ага бизнес катары кароо зарыл – ал каражатсыз жашап кете албайт. Өзгөчө мамлекеттик бюджеттен жардам албаган жеке менчик, көз карандысыз медиалар үчүн бул өтө таалуу маселе. Менимче, так ушул каражаттын тартыштыгы, жаңы каражат булактарын таба албагандыгы аймактык медиалардын санынын кыскарганына алып келди.

2000-жылдары интернет адамдын күнүмдүк жашоосуна анчалык терең кире электе, чет өлкөлүк атаандаш медиалар кыргыз рыногуна кеңири келе элегинде, элеттиктерге аймактык салтуу медиар (ТВ, радио, гезиттер) аймакта, өлкөдө, дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарга терезе болчу. Эл алардын өндүргөн продукциясын колдонууга бир чети аргасыз болгон. Анан да 2000-жылдын башында Кыргызстанда демократияны курууга кол кабыш кылуу максатында көптөгөн эл аралык уюмдар жергиликтүү көз карандысыз медиаларга чоң гранттык жардамдарды берет эле. Ал кездеги дээрлик бардык өзүн көз карандысыз деп эсептеген аймактык медиалар гранттар менен иштешкен, аларга гранттык каражаттар негизгиси болбосо да олуттуу каражат булактарынын бири болгон.

Бирок акырындан заман өзгөрдү. Азыр элдин көбү маалыматты интернеттен, болгондо да коомдук тармактардан алат. Аймактык гана эмес, республикалык телеканалдарыбыздын да продукциясы сапаты, көрүмдүүлүгү, кызыктуулугу боюнча көп учурда чет элдик телеканалдар менен теңтайлаша албай келет. Ошонуктан кыргызстандыктардын көбү чет элдик телеканалдарга көбүрөөк ыктап келет. Бул, сөзсүз, медиалардын каржылык абалына сокку урбай койбойт.

Бизде көп жылдан бери калыптанган медианын ишин алып баруу модели боюнча, 2 гана негизги киреше булагына көңүл бурулуп келген: жарнамага жана сатыктан түшкөн кирешеге (пресса үчүн). Каналдын көрүмдүүлүгү, гезиттин окумдуулугу начар болуусу алардын аудиториясынын азайышына, бул, өз кезегинде, жарнама берүүчүлөрдүн да санынын  азайышына алып келет. Анан да чоң ири компаниялар үчүн жашоо деңгээли Бишкектен же Оштон кыйла төмөнүрөөк болгон аймактык колдонуучулар анчалык деле кызыктуу эмес – аймактык медиаларга жарнаманы көп беришпейт. Ал эми жергиликтүү бизнести болсо олуттуу жарнама берүүчүлөр катары эсептөө мүмкүн эмес.

Медиаларга да гранттык жардам дагы азыр мурдагыдай көлөмдө болбой калды.

Көнгөн нуктан чыга албай

Заман өзгөргөнгө жараша медиалар да ага ылайыкташып, иш алып баруусун да өзгөртүү керек эле. Борбордук медиалар жаманбы-жакшыбы, акырындан өзгөрө башташты. Жакшы мисалдардан, жыштыгын, офисин алып салган күндө да ишин токтотпой, аны YouTub тармагында улантып кеткен “Апрель” телеканалы, гезитти чыгарганын токтотуп, толугу менен интернет айдыңга өткөн “ПолитКлиника” медиасы.

Ал эми аймактык медиа менеджерлер дагы эле ЖМКнын эски моделин карманып келишет: ЖМКнын сөзсүз кеңсеси болушу керек, журналисттер кеңсеге келип материал даярдашы керек, жарнамадан, сатыктан акча түшпөсө анда ага бирөө сөзсүз каржылык колдоо көрсөтүшү керек ж.б.д.у.с. Муну мындан эки жыл мурун өкмөт аймактык мамлекеттик ЖМКларды оптималдаштыруу максатында райондук гезиттерди жоюп, облустук гезиттин жана телеканалдын негизинде бир облустук мультимедиалык борборду түзүү иштерин жүргүзө баштаганда ачык байкалды. Райондук (шаардык) гезиттин жоюлушун каалабаган редакциялар жеке менчик ЖМКны ачып, кеңсе жана жарнамалык колдоо сурап мурдагы “кожоюндарына” райондук жана шаардык бийликтерге кайрыла башташты. Мындай медианын аталышы гана көз карандысыз болгону менен, маалыматтык саясаты мурдагыдай эле жергиликтүү бийликке көз каранды болоору айдан ачык.

Эмне кылуу керек?

Медиа, баардык бизнестей эле, жашап кете алышы үчүн 2 маселени чечиши керек: чыгымдарды азайтуукирешени көбөйтүү.

  1. Технологиялар өнүккөн заманда медиада чыгымдарды азайтуунун бир топ ыңгайлуу жолдору бар.

Маалыматты таркатуунун “арзан” жолдорун тандоо. Учурда экономикалык абал курчуп, кагаз, боёк кымбаттап, элдин маалыматты алуу булактары катуу өзгөрүп жатканда, көп кошумча чыгымдарды талап кылган гезиттерди чыгаруу канчалык деңгээлде орундуу? Сайт ачып иштетсе болот. Бирок азыркы заман көрсөткөндөй, эл үчүн сайт дагы маалымат алуунун негизги булагы болбой бара жатат.

Маалыматты таркатуу каналы катары коомдук тармактарды, мессенджерлерди колдонсо болот. Интернеттен маалыматтык кызыктуу инстаграм, телеграм каналдарды, фейсбук топторду тапса болот. Маалымат таркатуунун негизги каражаты катары WhatsApp’ты колдонгондор да бар.

Биринчиден, бул аянтчаларды колдонуу үчүн эч кандай чыгым кетпейт, алар акысыз. Ал эми сайт ачканда аз болсо да домен жана хостинг үчүн акча төлөө зарыл. Анан да сайтта жаралган маселелерди чечүү үчүн адистерге кайрылуу керек болот. Бул дагы чыгым. 

Экинчиден, учурда элдин көбү коомдук тармактарда отурат. Мисалы, We are social жана Hootsuite компаниялары биргеликте жылда жүргүзүп келген изилдөөнүн 2022-жыл боюнча отчетунда, Кыргызстанда 3,4 млн интернет колдонуучу бар болсо, алардын 769 миңи Фейсбукта, 2,95 миллиону Инстаграмда отурары айтылат. WhatsApp колдонуучулар боюнча маалымат жок экен, бирок төмөнкү сүрөттөн дүйнөдө колдонуучулардын саны боюнча ал үчүнчү орунда турарын көрөбүз. Анан да ар бир айылда эл өз ара жергиликтүү маалыматтар менен бөлүшкөн ватсап топтору сөзсүз болоорун жакшы билебиз.

Кеңсесиз иштөөгө өтүү жолу. Жакында болуп өткөн таажычан вирустун пандемиясы көрсөткөндөй редакциянын ишин, сөзсүз эле редакцияга барбай, алыстан деле алып барса болот экен. Мындайда кеңсеге кеткен аз эмес чыгымдар (ижара акысы, жарык, жылуулук үчүн төлөмдөр, канцелярдык товарлар ж.б.) үнөмдөлө түшөт.

Бир гана редакциянын ишин алып баруу натыйжалуу болушу үчүн редакциялык тапшырмаларды көзөмөлдөөнүн, материалдын үстүндө чогуу иштөөнүн заманбап аспаптарын жакшы өздөштүрүү зарыл. Google docTrelloSlackБитрих24 ж.б.д.у.с. кызматтар мындай мүмкүнчүлүктөрдү беришет. Алардын акысыз тарифтери чакан медианын муктаждыктарын толук жаба алат.

Штаттын санын кыскартуу жана адистешүү жолуна өтүү. Каражат үнөмдөөнүн дагы бир радикалдуу жолу – редакциянын штатын кыскартуу. Бирок аны үчүн медианын да маалыматтык саясатын бир аз өзгөртүү керек. Аз сандагы журналисттер менен мурдагыдай иштөө, мурдагыдай көлөмдөгү материалдарды даярдоо мүмкүн эместиги түшүнүктүү.

Учурда кенен темадагы маалыматтарды даярдоо менен алектенип ийгиликке жете алган медиалар аз. Болсо да алар салыштырмалуу ири медиалар. Анткени жаңылыктарда атаандаштык чоң. Ошол эле учурда дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, кайсы бир темага же журналистиканын бир форматына адистешкен медианын өз окурмандарын таап, жашап кетүүсүнүн ыктымалдуугу кыйла жогору. Кыргызстанда да буга жакшы мисалдар бар. Өзүн коомдук-саясий деп эсептеп, кенен темада материалдарды жазып келген гезиттердин көбү азыр же жабылды, же алардын нускасы өтө азайган 1000-2000 нусканын айланасында. Ошол эле учурда аялдар темасына адистешкен “Леди кг” 4800-12000 нуска менен, же ден соолукка байланыштуу материалдарды гана жазган “Дарыгер” жана “Будь здоров” гезиттери 6000-22000 нускалар менен чыгып келүүдө.

Адистешүү редакциянын штатынын гана санын азайтпастан, материалдын сапатын да жогорулатат, анткени бир теманы терең изилдеп, анда адис болуу кыйла жеңилирээк.

  1. Кирешени көбөйтүү жолдоруна токтолсок, медиалар көнүп калган жарнама жана сатыктан башка дагы киреше табуу жолдорун өздөштүрүп колдоно башташы керек. Алардын саны аз эмес экен. Белгилүү орусиялык медиа темасы боюнча адистешкен “Журналист” сайты медиада учурда акча табуунун 27 ыкмасы бар экенин жазат.

Алардын ичинен ар бир медиага көбүрөөк туура келгенин тапса болот. Алардын негизгилери: пэйвол (медианын материалы менен таанышуу үчүн колдонуучу акча төлөшү керек), таркатамалар (жазылган колдонуучунун почтасына медианын жаңылыктарын жиберүү), краудфандинг (элдин ЖМКга коолдоо иретинде акчалай жардам берүүсү), колдонуучулардын клубун түзүү, иш-чараларды уюштуруу ж.б.д.у.с.

Кыргызстанда пэйволдун бир түрүн көп жылдан бери “АКИпресс” МА колдонуп келет – 3 күндөн мурдагы материалдары менен таанышыш үчүн акча төлөө керек. Ал эми жакындан бери Кыргызстандагы медиаларында краудфандингди колдонуу аракеттери жүрүүдө.

Интерньюстун «Медиа-К» долбооуна катышкан  kloop.kg, Жамааттык медиалардын ассоциациясы, economist.kg, Бишкек шаардык ТВ 1 каналы , incredible osh., «ПолитКлиника», «Салам медиа» редакцияларынын сайттарында фандрайзинг (каржылык жардамдарды чогултуу) программасын ишке ашырыш үчүн атайын плагин орнотулган. Аталган редакцияларга VISA , MasterCard, Maestro «Элкарт» карталары менен төлөп 100 сомдон жогорку суммада каржылык жардам көрсөтсө болот.

Азырынча бул ыкма Кыргызстан үчүн жаңылык болгону менен келечекте ал кеңири колдонушу мүмкүн. Анткени учурда маалымат колдонуучулар маалыматтын чоң агымында калып, кайсы маалыматка ишенип, кайсынысына ишенбеш керек экенин жакшы андабай калды. Мындайда алар кайсы бир ишенимдүү маалымат булагына ыктай башташат жана ал маалымат булагы дайым иштөөсүнө кызыкдар болот, б.а. айтканда келечек элдин ишенимине жете алган медиалардыкы.

Элдин ишенимине жетүү үчүн сапатту иштеп, ишенимдүү материалдарды жаратып, маалымат колдонуучуларынын каалоо-тилектерин жакшы билип, алар менен мамиле курууну билүү зарыл. Аны үчүн изденүү керек, башкалардан үйрөнүү керек. Биздин аймактык медиаларга ушул такыр жетишпей жаткандай.

Factcheck.kg

Түп нускасы: https://factcheck.kg/ky/kyrgyz-ajmaktyk-medialar-emne-%d2%afch%d2%afn-%d3%a9n%d2%afkp%d3%a9j-zhatat/

Бөлүшүү баракчалары:

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *