Темирлик

Билбейм деп коркпо, үйрөнбөй жатам деп корк.

Марат Токоев: “Мен үчүн жашоо, дүйнө эң сырдуу нерсе”

Бар болуңуз, Нурзат!

Бул суроолоруңузду окуу мага бир чети кубаныч болду, бир чети алар мени катуу ойго салды. Ар бир эле адамга анын жан дилинен жаралган нерсеге, акындар үчүн ырларына, башкалардын да кызыгуусу болгону сүйүндүрбөй койбойт болушу керек. Суроолоруңуздардан ырларымды жөн гана “жагат”, “жакпайт” деп окуп койбостон, кунт коюп, үңүлүп окуганыңыз, аларды окуп жатканда жаралган суроолорго жооп издегенге аракет кылганыңыз көрүнүп турат.

Кайсы бир белгилүү акынбы, сынчыбы, “накта поэзия көп катмарлуу болушу керек” дегени эске келет. Ошол “катмарларын” окурмандары тарабынан издөө жана чечмелөө аракети ар бир эле акындын бактысына туура келе бербейт. Кубанычым мына ошондон. Демек менин ырларым да көп катмарлуу экен, накта окурмандарым бар экен деген ойдон. Кээде айрым жагдайлар боюнча адам “билем” деген ички сезим менен жүрө берет. Бирок кийин аны сөз менен туюнтайын десе катуу кыйналып калат – демек ички сезимдеги “билем” дегени, анчалык деле бул сөзгө туура келе бербейт экен. Менде да ушундай абал болду.

Таңгаласың. Билбейсиң себебин
Турганымдын туйбай суук азабын.
Сууган жүрөк күн суугун сезеби?

Сиздин ушул үч сабыңыздан сууга чөгүп бараткан адамга күн тийип турабы, түнбү, ызгаарбы, жаанбы, баары бир экенин, ал адам суудан жанын аман сактап калышка далбас уруп жатканын көрөм. Капа болуп, жүрөк сыздаган учурда – эки дүйнө баары бир болуп калат дешет. Мындай ыр жазылышы үчүн адам өз тынчтыгында жашаш керекпи… Акыркы учурда саптын артына жашырынган сапты туюудан алыстап баратат окшойбуз?

– Башында айта кетким келет. Алгач бул ырда 20дан ашык сап бар эле. Улам-улам аны кыскартып отуруп ушул үч сап калган. Менин баамымда, ушул сапта мен айтайын, бөлүшөйүн деген нерсе камтылып турат, калгандары ушул сапка алып келген жол-саптар, ушул саптагы ойду күчөтүү, көрктөндүрүү аракетиндеги саптар болчу.

Негизи ыр канчалык аз саптан турса, бул ырга байланыштуу ассоциациялар, божомолдор ошончолук көп болот. Алар канчалык деңгээлде акындын алгачкы максатына (кээде өзү да жакшы аңдабаган) туура келет, маселе ушунда. Жапон поэзиясында бул жеңилирээк. Анткени ырда колдонулган айрым образдын, айрым сөздүн артында башка конкреттүү 2-3 ыр, түшүнүк турат, анан ырдын өзү жана ал шилтеме кылган (эстеткен) 2-3 ыр (образдар, ойлор) биригип келип көп катмарлуу, бирок акын айткысы (жараткысы) келген ойлордун, образдардын топтому жаралат. Бизде, кыргыз поэзиясында, бул анчалык деңгээлде жакшы өнүккөн эмес, ошону үчүн биз көп учурда ырдын өзүндө гана айтылган ой, образ менен гана чектелебиз.

Бул үч саптагы ырымды окуп жатып сизде жаралган образдарды билүү мен үчүн өтө кызыктуу болду. Мен бул ырды жазып жатканда башка образдарды элестеткем. Бирок ага байланыштуу түпкү сезимдерди сиз жакшы баамдагансыз.

Мындай ырлар, менимче, заматта жарала бербейт. Же ал көп жыл оңдолуп, толукталып жазылган ыр болот, же көп жылдык ойлонуулардын, толгонуулардын туюндусу болот. Ыр канчалык кыска болсо бул нерсе ошончолук туура. Басе дагы үч саптан турган бир ырын көп жыл жазган деген аңыз бар.

Айрым учурда ыр заматта жарала калышы мүмкүн. Бирок канчалык деңгээлде ал көп катмарлуу болот? Анан да бул ыр адамдын көкүрөгүндө, кээ бир учурда акындын өзүнө да билинбей, көп жылдан бери аздектелип, иштетилип жүрүп – бул процесс эргүүнүн себепкери – анан бир күнү эргүү келип, сөз менен туюнтулуп калышы мүмкүн.

Мен да мурда көп жыл бир ырды көкүрөгүмдө багып, ынын үстүндө иштеп жүрө берет элем. Акыркы кезде ага мүмкүнчүлүк жок. Күнүмдүк жашоо, күнүмдүк күрөш энергиямдын көбүн жеп кетет. Баалуулуктар да бир аз өзгөрдү. Балким, кийинки ырларым ушуга байланыштуу анчалык катмарлуу болбой калгандыр.

– Былтыр “Сүртүмдөр” деген чакан ыр жыйнагыңыз  чыкты эле.  Ырларыңыздан чыгыш акындарынын илеби  уруп турат. Убакыт өткөн сайын адамзат, жөн гана  өзүн өзү тарбиялап жашап калат деп коюшат го… Өзүн өзү тарбиялап жашаган киши ыр жазгандан алыстап кетиши мүмкүнбү?

– Менимче, адамдын өзүн өзү тарбиялоосу менен ыр жазуунун ортосунда сиз айткандай түз байланыш жок. Ал башкага байланыштуу. Адам баласы жаш өткөн сайын акыры эч нерсени өзгөртүү мүмкүн эместигин, бардыгы мурдагы бойдон калаарын көбүрөөк сезе баштап, акылдуураак боло баштайт окшойт. Мындай адам эч нерсеге таңгалбай калат. Бул сезимдер, ойлор поэзияга уу. Поэзия мен үчүн бул дайым таңгалуу, дүйнөнүн улам жаңы сырын ачып туруу, дүйнөнү таануунун бир жолу. Бул көбүнчө жаш куракка мүнөздүү сапаттар. Ошону үчүн мыкты ырлар адатынча жаш куракта жазылат. Айрым гана акындар жашоого, дүйнөгө жаш курактын тойбостугун, ач көз карашын өмүрүнүн аягына чейин сактап келишет. Өзүңдү өзүң тарбиялап, бирок жүрөктө жаштыктын демин сактай алсаң – карыганга чейин ыр жазыла берет.

– Дүйнө – балалык түшүмдүн
Уландысындай. Бүгүн мен
Сырын жашоонун түшүндүм
Эми коркуу жок өлүмдөн.

Жашоонун сырын ар бир адам ар кандай түшүнөбү? Же бир эрежеси барбы?

– Бул ыр жазылып жатканда мен жашоону түшүндүм деп ойлогом. Тагыраак айтканда, ушул ырга себеп болгон түштү көргөндө ушундай ой жаралган. Мен өзүмдү дүйнөнүн түбөлүктүү бир ажырагыс бөлүгү катары сезип, адам болуп жашоодон кийин башка түрдөгү жашоо бар экенин сезгендей болгом. Мен ошол ойду, сезимди сактап калганга аракет кылгам. Менимче акын үчүн “Азыр” эң баалуу нерсе. Кийин мурда жаңылышканыңды билсең дагы. Мен үчүн азыр деле жашоо, дүйнө көп учурда эң сырдуу нерсе.

– “Мекениңе кайт”, – дейт Улуулук.
Бирок кантип ага жете алам
?
– Өжөр жаным алсыз умтулуп,
Көк асмандай болду көк ала.

– Бул ырды 1994-жылы жазыптырсыз. Бизде өзүн өзү издөө деп коюшат го. Андан бери “Мекениңизге” кайткан болушуңуз керек… Өз Дүйнөсүнө кайтуу оорбу?

– Мен дале талпынып келем. Балким, азыр талпынганым мурдагыга салыштырмалуу анчалык күчтүү эместир. Жана да мурда айтып кеткендей, жаш менен да акылдуу болуп баратам, б.а. отравляюсь мудростью жизни. Акын үчүн, мен айткандай, бул уу, бирок акылдуу болгон сайын бул жашоо акындык менен гана чектелип калбайт деген да түшүнүк пайда болот экен.

Анан да мен өз талантымдын деңгээлин жакшы билем. Ал анчалык деле чоң эмес. Бирок кыргыз поэзиясына башкаларга окшош эмес кайсы бир түстөрдү алып келе алсам, кайсы бир кыргыз окурманга поэзиянын зор күчүн сездире алсам, дүйнөнү ачканга жардам бере алсам – бул өзү мага чоң бакыт.

Бирок кандай болгон күндө да Умтулуу калды. Бул умтулуу өлүм менен гана токтойт окшойт. Балким, ошондо жететтирбиз.

 

Марат Токоевдин ырларынан:

 

* * *

Өзүңдөн башка эч кимге
Айталбас сырлар бар болсо,
Байкушум, анда билесиң
Жалгыздык эмне экенин.

Көбөйүп сырлар жүрөктөн
Кудайды сүрүп салышса,
Анда сен жакшы билесиң
Жалгыздык кандай экенин.

Белгисиз жактан үн чыгып,
Сырларың ырга айланса,
Эми сен жалгыз эмессиң,
Акындык болот жолдошуң.

Көбөйүп ырлар жан дүйнөң
Сыр болбой калса эч кимге,
Анда сен жакшы тааныдың,
Акындык кандай экенин.

15-18.07.22,

 

ЖАЛГЫЗДЫК

Басёнун каргасындай жалгыздык
Шоңшоёт жан дүйнөмдүн багында,
Жылаңач бутактары каржайып,
Суналган суз асмандын алдында.

Жымжырттык. Кээде гана угулат
Шамалдын  үшкүргөнү кайгылуу,
Оодарып жалбырактар барагын
Ачкандай жок экенин кайрылуу.

Кайрылуу эсил кайран күндөргө
Аянбай жүрөк жанган жалбырттап.
А бүгүн кайырчыдай жүрөгүм
Башканын жалынына жалдырайт.

Басёнун каргасындай жалгыздык,
Шоңшоёт жан дүйнөмдүн багында,
Жылаңач бутактары каржайып,
Суналган  суз асмандын алдында.

 

ТҮНКҮ ЧАБУУЛ

Кыш күндүзү күнгө алдырган жерлерди
Кайтарам деп катуу коюп максатты
Коюу түнгө жашырынып жиберди
Үнсүз учкан аскерлерин – десантты.

Тынч, бейкапар айлана уктап жатканда
Жаап жатты кар түнкү абада жай бийлеп
Чатырларга, кара жолго… мага да
Бул чабуулга күбө болгон капилет.

01.2009

 

АЙТА ГОЙ

Айт, айта гой сөздөрүңдү
Уулуу тикен.
Көөдөнүң тепкен
Бугуңду чыгарып ал.
Жүрөгүм алп
Чыдайт,
Көтөрөт.
Анткени ал
Сени мындайыңда да
Жакшы көрөт.

 

* * *

Итке сөөктү ыргыткандай жардамың
Алайын деп, араң барып кармандым.
Катаал турмуш туюк бурчка такаган,
Кечир мени, ит эмесмин – адаммын.

 

БИЛЕСИҢБИ

Билесиңби, мен көнүпмүн
Баш көтөрбөй жашаганга.
Жаз келгенин билдим бүгүн
Нөшөрлөгөн жаан жааганда
– Тамчылары алма-өрүктүн
Бариктерин күбүп бүтүн
Бут алдыма таштаганда.

 

* * *

Мен өлгөндө жер болом,
Азык болом эң сонун
Курт-кумурска, чөптөргө…
Аз болсо да бул нерсе,
Азайтаттыр күнөөмдү
– Курт-кумурска чөптөрдүн
Жандары үчүн мен кыйган
Билип-билбей тирүүмдө.

Даярдаган: Нур Зат Мокенова.

Булак: https://www.apta.kg/haber/marat-tokoev-men-chn-zhashoo-dyn-e-syrduu-nerse-10151?fbclid=IwAR0070h_gz-dFNj0TzTvGu98hkJeAMLHuEzeqHseQodCJdaRihXM08n9C0U

Бөлүшүү баракчалары:

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *