Темирлик

Билбейм деп коркпо, үйрөнбөй жатам деп корк.

Кыргыз акын-жазуучуларынын сайттары

2010-жылдары “Кыргыз маданият борбору” сайтымды жаңыдан ачып иштетип жатканымда кыргыз тилдүү сайттардын топтомун түзгөнгө аракет кылдым эле. Ошондо айрым акындарыбыздын жеке сайттарын көрүп катуу кубанган болчумун.

Алар Алтынбек Исмаиловдун, Муса Мураталиевдин, Аалы Туткучевдин, Айтмырза Абылкасымовдун сайттары болчу. Кыргызча “сүйлөгөн” сайттар аз кезде, акын-жазуучуларыбыздын интернет айдыңын өздөштүрүүгө аракеттери келечектен көптү үмүттөндүрөт эле. Бирок…

Акын-жазуучуларыбыздын сайттары андан бери мен күткөндөй көбөйүп кеткен жок. Кийин journalist.kg сайтынын алдында жеке блог ачуу мумкүнчүлүгү пайда болгондо айрым чымыны барлар (акын-жазуучуларыбыздын көбү журналисттик кесипти аркалап келишери сыр эмес) веб ааламын өздөштүрүгө катуу киришкен болчу. Мисалы, Жыпара Акунова, Асыран Айдаралиев. Бирок кийин алардын аракеттери солгундай түштү. Жогоруда мен келтирген сайттардын арасынан да Муса Мураталиевдин агайдын гана веб-баракчасы маал-маалы менен жаңыланып турат азыр.

Мунун себеби эмнеде? Менимче, мунун 2 негизги себеби бар.

Биринчиси, башында, бизге интернет жаңыдан келгенде, кыргыз тилдүү окурмандардын саны аз болгон. Чыгармачыл адамдарыбызда интернет сайттан окурманды табуу мүмкүн эмес экен деген ой пайда болгон шекилдүү.  

Экинчиден, сайттын машакаты да көп. Материалдарды туура, кооз жайгаштырганды, сайт тууралуу маалыматты элге жайылтканды, сайттын ишин жөндөп турганды билиш керек. Баардыгында эле андай көндүмдөр боло бербеди окшойт.

Бирок, интернет негизги маалымат булагы болуп, коомдук-маданий жашоо да веб ааламга көчкөн учурда акын-жазуучуларыбыздын жеке сайттары болбогону өтө кейичтүү көрүнүш. Ооба, коомдук тармактар аркылуу интернеттен окурмандарды тапса болот. Бирок алар чыгармаңарды иреттеп топтоштурганга, архивди түзгөнгө, дүйнөгө өзүңдү таанытканга, айрым жаңы форматтарды колдонууга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бере албайт. Анан да биз ошол коомдук тармактын ээсине көз карандыбыз. Ал кандай гана эреже киргизбесин анын айтканынан чыга албайбыз.

Кыргыз акын жазуучулары да интернетти мыкты өздөштүрө турган заман келди.   

Бөлүшүү баракчалары:

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *