Темирлик

Билбейм деп коркпо, үйрөнбөй жатам деп корк.

Жарыя

Кимге WordPress сайт керек?

Блог ачкыңыз келеби? Ишканаңыздын (фирмаңыздын) сайты керекпи? Жаңылык сайтын иштеткиңиз келеби? Сайтты ачып, иштеткенди үйрөнүп, өзүңөр керектүү сайт ачып иштетсеңер болот. Учурда толтура керектүү окутуулар бар. Мен да WordPress сайтты ачып иштетүү боюнча офлайн жана онлайн сабактарды өткөрүп келем. Ал эми эгерде, окуп, үйрөнүп убара болгуңуз келбесе, буюртма берип сайт жасаткыңыз келсе мен кыялыңызды ишке …

Кимге WordPress сайт керек? Читать полностью »

WordPress сайтты ачып иштетүү боюнча жаңы окутууларыма жазылуу башталды

Көп жылдан бери багып келген кыялымды ишке ашырганы кириштим – WordPress сайтты ачып иштетүү боюнча окутууларымды уюштуруп, өткөн жумада алгачкы окутууларды өткөрдүм. Менин билишимде, бул контентти башкаруу системасы боюнча биринчи кыргызча окутуу болду. Алгачкы окутуумда байкалган оң, тескери жактарын эске алуу менен курстун программасын кайра бир карап чыктым. Аны менен катар оффлайн жана онлайн окутууларды …

WordPress сайтты ачып иштетүү боюнча жаңы окутууларыма жазылуу башталды Читать полностью »

WordPress-те сайт ачып иштеткиси келгендерге

Дүйнө жүзүндөгү сайттардын дээрлик үчтөн бири WordPress контентти башкаруу системасында (CMS) иштейт. Бул анын жөнөкөйлүгү жана ийкемдүүлүгү менен түшүндүрүлөт. Бул CMS-те сайт ачып иштетүү үчүн код жазууну билүүнүн кереги жок. Ошондой эле анда каалагандай сайтты (жаңылык сайты, лендинг, интернет дүкөн, блог ж.б.д.у.с.) ачып иштетсе болот. Программалоо тилин, же жок дегенде HTML жана CSS-ти билсеңер, WordPress-тин …

WordPress-те сайт ачып иштеткиси келгендерге Читать полностью »

Басма сөз күнүнө карата сынак жарыяланат

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Жаш журналисттер” кыймылы 7-ноябрь – басма сөз күнүнө карата Кыргызстандык журналисттер жана мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтары арасында сынак жарыялайт!

Кош болуңуз, Таир ака

Ошко иштер менен барып калганда Таир ака менен сөзсүз жолугушуп кеткенге аракет кылар элем. Качан гана болбосун, кандай гана кырдаал болбосун өзүн бир калыпта кармап, жылмайып гана турган Таир ака менен аз да болсо баарлашып алганыңда анын токтоолугу, сабырдуулугу, позитивдүүлүгү сага да өткөнсүйт эле. Бул адам өз кесибинин мыкты чебери болчу. Бирок ошол эле кезде ал …

Кош болуңуз, Таир ака Читать полностью »

WordPressте блог ачып иштеткиси келгендер үчүн тренинг

Бүгүн интернетте өзүнүн сайтын же блогун ачкысы келгендердин саны улам өсүп барат. Сайт – бул жашоодогу көрүнүштөр боюнча ойлоруң, же чыгармачылыгың (ырларбы, сүрөтбү) менен кеңири журтчулук менен бөлүшкөнгө жакшы шарт түзүп берет. Бирок мындайда сайтты каякта ачсам, аны ачыш үчүн эмне кылыш керек, материалдарды кантип жайгаштырам деген ж.б.д.у.с. көптөгөн суроолор пайда болот. Мен WordPress мазмун …

WordPressте блог ачып иштеткиси келгендер үчүн тренинг Читать полностью »

SCOOP – Орто Азия иликтөөчү журналисттерди колдойт

Урматтуу журналисттер! SCOOP – Орто Азия, журналисттик иликтөө жүргүзгөндөргө колдо көрсөтөт! SCOOP бул иликтөөчу журналисттерге жардам берип, алардын иштерине колдоо көрсөткөн уюм. Уюм жөнүндө кенен маалыматты http://www.i-scoop.org/ сайтынан таба аласыңар. SCOOP-Орто Азия Кыргызстанда иштегенине 2 жыл болду. Ар бир үч айда атайын сынактык тур өткөрүп, эң мыкты иликтөөнүн авторлоруна акчалай колдоо көрсөтүлүп турат. Улуттук иликтөөнү өткөрүү …

SCOOP – Орто Азия иликтөөчү журналисттерди колдойт Читать полностью »

“ПолитКлиника” журналисттерди издөөдө

“ПолитКлиника” гезити “саясатты, экономиканы катыра жазган, креативдүү ой жүгүрткөн, жоопкерчиликтүү журналист” талап кылынарын билдирет. Кызыккандар бул телефон аркылуу байланышсаңар болот: 0773 77 89 57

Журналистика мектебиндеги алгачкы окутуулар

Журналисттик кесип такай жаңы нерсеге үйрөнүп, жаңы билим алып, кесиптик деңгээлин жогорулатып турууну талап кылат. Кеминде дегенде журналист катары өскүсү келгендерге. Бирок Кыргызстанда бул жааттагы окутуулар башаламан өткөрүлүп жаткандай мамиле калтырат. Буга ар кайсы уюмдар мезгил талабы боюнча өз түшүнүгүнө, тапкан донордук каражаттарына жараша окутууларды уюштуруп жатканына байланыштуу. Кээ бирде эки башка уюм бир учурда …

Журналистика мектебиндеги алгачкы окутуулар Читать полностью »

КТРКнын берүүлөрү YouTube кызматында

Коомдук каналдын айрым берүүлөрү белгилүү YouTube кызматына чыгарыла баштаптыр. Бул, менимче, жакшы нерсе. КТРК интернет колдонуучулардын арасынан  да өз көрөрмандарын таба баштайт. Мисалы, бул КТРКнын 17-октябрдагы 17:00дөгү жаңылыктары: КТРКнын YouTube кызматындагы баракчасы.