Темирлик

Билбейм деп коркпо, үйрөнбөй жатам деп корк.

Адабият

Марат Токоев: “Мен үчүн жашоо, дүйнө эң сырдуу нерсе”

Бар болуңуз, Нурзат! Бул суроолоруңузду окуу мага бир чети кубаныч болду, бир чети алар мени катуу ойго салды. Ар бир эле адамга анын жан дилинен жаралган нерсеге, акындар үчүн ырларына, башкалардын да кызыгуусу болгону сүйүндүрбөй койбойт болушу керек. Суроолоруңуздардан ырларымды жөн гана “жагат”, “жакпайт” деп окуп койбостон, кунт коюп, үңүлүп окуганыңыз, аларды окуп жатканда жаралган …

Марат Токоев: “Мен үчүн жашоо, дүйнө эң сырдуу нерсе” Читать полностью »

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жыргалбек Касаболотов, Мезгил Исатов жана мен (Марат Токоев) кирген калыстар тобунун жыйынтыгы боюнча, 55 сөздөн турган кыска чыгармалар сынагында орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: 🥇 Зинакан Пасаңова “Муусапырлар” атту чыгармасы менен (№72); 🥈 Кайыргүл Абдырахманова “Оксолин” деген чыгармасы менен (№10); 🥉 Асеин Маданбеков “Сакталган өмүрлөр” деген чыгармасы менен (№56). Жеңүүчүлөрдү жеңиши менен куттуктайбыз! 🎉 Алардын ысымдары каналыбыздын …

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды Читать полностью »

“Кыргыз маданият борбору” сайтында акыркы чыгармаларым жарыяланды

“Кыргыз маданият борбору” сайтында менин акыркы кезде жазылган чыгармаларыма жана котормолорума байланыштуу эки топтом жарыяланды: Марат Токоев: Тоңгонбу түнү? Зарыгып ай да күтөт… Марат Токоев: Дүйнөлүк адабияттан котормолор Учурда “Кыргыз маданият борбору” сайтына Рахат Аманова ээлик кылат.  

Кытайлык кыргыздардын сайттары азайганбы?

Мындан он жылдай мурун интернет айдыңында кыргыз тилиндеги кызыктуу сайттарды табуу машакаттуу иш эле. Ошондо менде кыргыз окурмандарына жардам иретинде кыргызча сайттардын каталогун түзсөмбү деген ой пайда болуп, аракет көрө баштаган элем. Учурдагы бул сайтымдагы каталог ошонун негизинде жасалган. Аны ондоп жаткандагы бир кейиштүү ачылышым менен бөлүшөйүн дедим. Илгери каталогду түзүп жатканда кытайлык кыргыздардын көп …

Кытайлык кыргыздардын сайттары азайганбы? Читать полностью »

Кыргыз акын-жазуучуларынын сайттары

2010-жылдары “Кыргыз маданият борбору” сайтымды жаңыдан ачып иштетип жатканымда кыргыз тилдүү сайттардын топтомун түзгөнгө аракет кылдым эле. Ошондо айрым акындарыбыздын жеке сайттарын көрүп катуу кубанган болчумун. Алар Алтынбек Исмаиловдун, Муса Мураталиевдин, Аалы Туткучевдин, Айтмырза Абылкасымовдун сайттары болчу. Кыргызча “сүйлөгөн” сайттар аз кезде, акын-жазуучуларыбыздын интернет айдыңын өздөштүрүүгө аракеттери келечектен көптү үмүттөндүрөт эле. Бирок… Акын-жазуучуларыбыздын сайттары андан …

Кыргыз акын-жазуучуларынын сайттары Читать полностью »

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынак

Бир кезде New Time журналы жарыялаган сынакты биз дагы жарыялап көрөлү деп чечтик. Ал сынакка катышкан айрым чыгармалардын котормолору менен “КЫСКА-НУСКА” каналынан тааныша аласыздар (#55сөз хештеги менен белгиленгендер). 👉 Сынактын шарттары: – Сынактын аталышында эле айтылып тургандай, чыгарма 55 сөздөн турушу керек; – Чыгармада сюжеттин тактыгы, каармандардын элестүү болушу жана чыгарманын күтүүсүз аякталышы зарыл. – …

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынак Читать полностью »

Жыргалбек Касаболот: Таш бетиндеги тамчылар/ Акын Марат Токоевдин чыгармачылыгына сүртүм

Бүгүн мен урматтаган акын, сынчы, журналист, аналитик, саясий серепчи, мекенчил, жана да баарынан мурда Жакшы Адам Жыргалбек Касаболотов досумдун менин чыгармачылыгым тууралуу сын макаласы менен бөлүшөйүн дедим. Жыргалбекте мен урматтаган сапаттардын бири – калыстыкка келгенде жакыным, досум дебегени, болгонун болгондой айтканы, бирок ошол эле учурда достукка бекем болгону, досунун башына мүшкүл түшсө, акыркысын бергенге даяр …

Жыргалбек Касаболот: Таш бетиндеги тамчылар/ Акын Марат Токоевдин чыгармачылыгына сүртүм Читать полностью »

Басылбековдон Омар Хайям

Жакында белгилүү кыргыз котормочусу Кубанычбек Басылбеков агай аты ааламга таанымал болгон перс акыны Омар Хайямдын рубаилерин чакан китеп кылып чыгарыптыр. «Чөнтөккө салып, өзүң менен алып жүргөнгө ыңгайлуу болсун деп», — дейт Кубанычбек агай. Омар Хайямдын рубаилери бул жашоонун кайгы-капасын жеңүүгө жардам бере алган жаназык дары боло аларын жакшы билебиз. Аны адам дайыма жанында алып жүргүсү келет. Кубанычбек …

Басылбековдон Омар Хайям Читать полностью »

Кыргызча аудиокитептер

Бир кезде кыргызча аудиокитептерди жасап, аны атайы сайтка жайгаштырсамбы деген ой бар эле. Бирок аны ишке ашырганга колум жетпей жүргөм. Бүгүн андай сайтты башкалар ачканын көрүп кубандым. Болгондо да мен ойлонуштургандан ашыра жасашыптыр. Бул сайтка аудиофайлдар гана эмес, китептин тексти да коюлуптур. Китептердин түрү да көп экен: жомоктор, кыргыз адабияты жана котормолор. Бул сайт: Кыргызча …

Кыргызча аудиокитептер Читать полностью »

Жыпар эженин рекорду

Бүгүн Жыпар эже (Акунова) чалып, эмнегедир анын почтасына “Кызгалдак” деген блогуна дагы бир пикир түштү деген каттар көп келе баштаганын айтып телефон чалды. “Эмнеге андай болуп жатат?”, – деп тынчсызданганын билдирди. Мен да жаман ойдо спамерлер Жыпар эженин блогуна чабуул жасашканбы деп консолуна кирип, спамдан болгону 3-4, калгандары кадимки эле окурмандардын пикирлери экенин көрдүм. Алардын …

Жыпар эженин рекорду Читать полностью »