Темирлик

Билбейм деп коркпо, үйрөнбөй жатам деп корк.

Хобби

uCoz сайтындагы Кыргызча сайттар каталогунун түзүлүшү

Учурда uCoz сайтында жакында мен ачкан “Кыргызча сайттар каталогуна” бул блогдогу сайттар тууралуу маалыматтарды көчүрө баштадым. 60тан ашык сайт тууралуу маалыматтар такталып киргизилип калды. Буга көп убакытым кетти. Менин санагымда, бул блогдо 360ка жакын сайттар тууралуу маалыматтар бар. Ушундай таризде иштей бере турган болсом мага дагы бир жумадай убакыт керек окшойт. 🙁 Бирок жыйынтыгында колдонуучуларга …

uCoz сайтындагы Кыргызча сайттар каталогунун түзүлүшү Читать полностью »

giff баннерди жасоо

Сайттарга баннерлерди коюш керек болгондо, баннерди жасатыш үчүн аргасыз программчы балдарга жалдыроого туура келет. Алардын иши көп болгондуктанбы, же чоң бир сумманы айтат, же кечке чейин создуктуруп алышат. Айла кеткенде жөнөкөй сүрөт түрүндөгү баннерлерди жасап алып аттым. Бирок жансыз сүрөткө караганда, өзгөрүп, ойноп турган баннер көңүлдү көбүрөк  өзүнө бурат эмеспи. Флеш болбосо да giff форматындагы …

giff баннерди жасоо Читать полностью »

“Борбордун” көңүл борборунда – маданият, адабият, тарых, салт-санаа…

Мен алып барган “Кыргызстан маданият борбору” блогу тууралуу “Кыргыз туусуна” берген интервьюм. «Кыргыз маданият борборунун» түзүүчүсү Марат ТОКОЕВ менен маек. – Марат, сиз түзгөн «Кыргыз маданият борбору» блогу жөнүндө маа­лыматты өзүңүздөн алсак? – Адам  кыйналып турганда кара курсактын камы биринчи орунга чыгып, жан азыгы тууралуу көп ойлонбойт. Бизде да ошондой болду. 1990-жылдардан кийинки  экономикалык жана социалдык …

“Борбордун” көңүл борборунда – маданият, адабият, тарых, салт-санаа… Читать полностью »

Менин хоббим

  Ар-бир адамдын иштен сырткаркы кызыгуусу, хоббиси болот окшойт. Меники – кагаздан учактарды жасоо. Бул балалык кезимде учкуч-космонавт, авиаконструктор болом деген кыялымдын ишке ашпай калганынан болушу керек. 🙂 Кагаздан учакты жасоо боюнча ар-түрдүү интернет-булактарды кыдырып жүрүп ушуга окшош булактардын кыргыз тилинде жок экендигин байкадым. Аз болсо да кыргыз тилиндеги кызыктуу интернет-чөйрөсүн өнүктүрүүгө салымым болсун деп …

Менин хоббим Читать полностью »