Темирлик

Билбейм деп коркпо, үйрөнбөй жатам деп корк.

TOP 3

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жыргалбек Касаболотов, Мезгил Исатов жана мен (Марат Токоев) кирген калыстар тобунун жыйынтыгы боюнча, 55 сөздөн турган кыска чыгармалар сынагында орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: 🥇 Зинакан Пасаңова “Муусапырлар” атту чыгармасы менен (№72); 🥈 Кайыргүл Абдырахманова “Оксолин” деген чыгармасы менен (№10); 🥉 Асеин Маданбеков “Сакталган өмүрлөр” деген чыгармасы менен (№56). Жеңүүчүлөрдү жеңиши менен куттуктайбыз! 🎉 Алардын ысымдары каналыбыздын …

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды Читать полностью »

Кыргыз акын-жазуучуларынын сайттары

2010-жылдары “Кыргыз маданият борбору” сайтымды жаңыдан ачып иштетип жатканымда кыргыз тилдүү сайттардын топтомун түзгөнгө аракет кылдым эле. Ошондо айрым акындарыбыздын жеке сайттарын көрүп катуу кубанган болчумун. Алар Алтынбек Исмаиловдун, Муса Мураталиевдин, Аалы Туткучевдин, Айтмырза Абылкасымовдун сайттары болчу. Кыргызча “сүйлөгөн” сайттар аз кезде, акын-жазуучуларыбыздын интернет айдыңын өздөштүрүүгө аракеттери келечектен көптү үмүттөндүрөт эле. Бирок… Акын-жазуучуларыбыздын сайттары андан …

Кыргыз акын-жазуучуларынын сайттары Читать полностью »

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынак

Бир кезде New Time журналы жарыялаган сынакты биз дагы жарыялап көрөлү деп чечтик. Ал сынакка катышкан айрым чыгармалардын котормолору менен “КЫСКА-НУСКА” каналынан тааныша аласыздар (#55сөз хештеги менен белгиленгендер). 👉 Сынактын шарттары: – Сынактын аталышында эле айтылып тургандай, чыгарма 55 сөздөн турушу керек; – Чыгармада сюжеттин тактыгы, каармандардын элестүү болушу жана чыгарманын күтүүсүз аякталышы зарыл. – …

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынак Читать полностью »

Кимге WordPress сайт керек?

Блог ачкыңыз келеби? Ишканаңыздын (фирмаңыздын) сайты керекпи? Жаңылык сайтын иштеткиңиз келеби? Сайтты ачып, иштеткенди үйрөнүп, өзүңөр керектүү сайт ачып иштетсеңер болот. Учурда толтура керектүү окутуулар бар. Мен да WordPress сайтты ачып иштетүү боюнча офлайн жана онлайн сабактарды өткөрүп келем. Ал эми эгерде, окуп, үйрөнүп убара болгуңуз келбесе, буюртма берип сайт жасаткыңыз келсе мен кыялыңызды ишке …

Кимге WordPress сайт керек? Читать полностью »

Телеграм каналдарым

Мен телеграмда ачып иштеткен каналдарым тууралуу кабар берейин дедим. Балким, алар сизди кызыктырып калаттыр: “Кыргыз Поэзиясы” – кыргыз акындарынын мыкты ырлары. Күнүнө бирден ыр жарыяланат. “КЫСКА-НУСКА” – кыска көркөм чыгармалар (жаңы ачылды). Айрымдары 5-6 сөздөн, кээ бирлери 55 сөздөн гана турат. Бирок алардын бардыгында чыныгы адабий чыгармага мүнөздүү бардык сапаттар бар. Күнүнө 12:12де бирден кыска көркөм чыгарма …

Телеграм каналдарым Читать полностью »