Темирлик

Билбейм деп коркпо, үйрөнбөй жатам деп корк.

Билим

Акысыз сүрөттөрдүн кампалары

Учурда мурдагыдай жаккан сүрөттү интернеттен көчүрүп алып, аны колдоно берүү мүмкүн эмес. Автордук укукту коргоого катуу көңүл бурула баштады. Мындайда акысыз сүрөттөрдүн кампалары жардамга келиши мүмкүн. Loon.site – аталган сайтта Pexels, Unsplash, Pixabay, Flickr сыяктуу белгилүү сүрөт кампаларынан керектүү сүрөттү издегенге мүмкүнчүлүк бар. Аларды сайтта катталбай эле, каалаган максатта колдонуу үчүн акысыз жүктөп алса болот. …

Акысыз сүрөттөрдүн кампалары Читать полностью »

Телеграм каналдарым

Мен телеграмда ачып иштеткен каналдарым тууралуу кабар берейин дедим. Балким, алар сизди кызыктырып калаттыр: “Кыргыз Поэзиясы” – кыргыз акындарынын мыкты ырлары. Күнүнө бирден ыр жарыяланат. “КЫСКА-НУСКА” – кыска көркөм чыгармалар (жаңы ачылды). Айрымдары 5-6 сөздөн, кээ бирлери 55 сөздөн гана турат. Бирок алардын бардыгында чыныгы адабий чыгармага мүнөздүү бардык сапаттар бар. Күнүнө 12:12де бирден кыска көркөм чыгарма …

Телеграм каналдарым Читать полностью »

Эмне үчүн “ЖОЛ” каналымды ачтым?

Жашоонун кызыгы, менимче, дайым бир нерсеге окуп, үйрөнүп, билбегениңди билүүгө такай умтулуп туруу болушу керек. Ошондо жашооң кызыктуу да, башкаларга пайдалуу да болот. Журналистика тармагында мен чейрек кылымдан беримин. Медианын бардык түрүндө (радио, ТВ, гезит, сайт) иштегенге жетиштим. “Журналисттер” коомдук бирикмесин 10 жылдай жетектеп, кыргыз журналистикасынын өнүгүүсүнө колуман келишинче салым кошконго аракет кылдым. Ушул жылдардын …

Эмне үчүн “ЖОЛ” каналымды ачтым? Читать полностью »

Сүрөттөн ашык нерселерди алып салуу жолдору

Айрым учурда сүрөттөн ашык нерселерди алып салуу зарылчылыгы пайда болот. Жасалма интеллекттин (ЖИ) өнүгүүсү бул ишти жеңил эле бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк берди. Эки онлайн кызматты сунуштайм. Экөө тең бирдей иштейт. Оңдоо керек болгон сүрөттү жүктөп, андан алынып салына турган нерсени белгилеп коёсуңар. Калганын ЖИ өзү жасап коёт. Биринчи жолу тазалаганда толук тазаланбай калса, аны дагы бир …

Сүрөттөн ашык нерселерди алып салуу жолдору Читать полностью »

Google издөө кызматында керектүү маалыматты тез таап алуунун жолдору

Адистердин айтымында, дүйнө жүзүндөгү издөөлөрдүн 90%дан ашыгы Google издөө кызматына туура келет. Бирок айрым учурда бизди кызыктырган маалыматты табуу көп убакытты талап кылат, кээде табалбай убара болобуз. Караса, керектүү маалыматты тез таап алуунун бир канча жолдору бар экен. Алардын айрымдарын менен тааныштырам. 👉 Конкреттүү фразаны же сүйлөмдү издөө: Изделип жаткан сөздөрдү тырмакчага алыш керек. Мисалы, …

Google издөө кызматында керектүү маалыматты тез таап алуунун жолдору Читать полностью »

Ишенимдүү сырсөздү жасоонун 2 жолу

Интернет коопсуздугу боюнча адистер ишенимдүү сыр-сөздү түзүү боюнча төмөнкүдөй кеңештерин беришет: 1. Сыр сөздүн узундугу 12 белгиден кем болбошу зарыл (мурда 8 белгиден кем болбошу керек дешчү); 2. Сыр сөздү түзүп жатканда баш жана кичи тамгаларды, сандарды, боштуктарды жана атайын белгилерди колдонуу керек. Мисалы, oNQZnz$Hx2. 3. Башка адамдар жеңил эле билип ала турган жеке маалыматтар …

Ишенимдүү сырсөздү жасоонун 2 жолу Читать полностью »

Кооз резюмени кантип жасап алса болот?

Жумушка орношуп, же кайсы бир сынакка катышып жатканда сөзсүз резюмени сурашат. Биз мындайда адатынча Word документке өзүбүз тууралуу айрым маалыматтарды жаза коёбуз. Анын кооздугуна, андагы маалыматтардын толук эместигине көңүл бурбайбыз. Бул туура эмес. Резюме – бул адистин күзгүсү. Ага карап анын ээси тууралуу биринчи көз караш калыптанат. Ошондуктан кооз, так жана толук резюмени түзүүгө чоң …

Кооз резюмени кантип жасап алса болот? Читать полностью »

Жаш журналисттердин сайты

Жаңыча иштегиси келген жаш журналисттердин сайты иштей баштады. Ал “Жаш журналист” деп аталат. Анда азырынча бейформал түрүндө иш алып барган, келечекте Минюстта каттоодон өтүүнү максат кылып жаткан жаш журналисттер тобунун иш аракеттери тууралуу жана жаш журналисттерге пайдалуу болушу мүмкүн маалыматтар жарыяланып турат. Мисалы, сайттан жакындан баштап ишке ашырыла баштаган “Устат-шакирт” аталышындагы окутуу-тарбиялоо системасы, ага катышкан …

Жаш журналисттердин сайты Читать полностью »

WordPressте блог ачып иштеткиси келгендер үчүн тренинг

Бүгүн интернетте өзүнүн сайтын же блогун ачкысы келгендердин саны улам өсүп барат. Сайт – бул жашоодогу көрүнүштөр боюнча ойлоруң, же чыгармачылыгың (ырларбы, сүрөтбү) менен кеңири журтчулук менен бөлүшкөнгө жакшы шарт түзүп берет. Бирок мындайда сайтты каякта ачсам, аны ачыш үчүн эмне кылыш керек, материалдарды кантип жайгаштырам деген ж.б.д.у.с. көптөгөн суроолор пайда болот. Мен WordPress мазмун …

WordPressте блог ачып иштеткиси келгендер үчүн тренинг Читать полностью »

Бизде блог ачуу боюнча айрым суроо-жооптор

Акыркы кезде мага блог же сайт ачуу боюнча суроолор менен көп кайрыла турган болушту. Эмне болуп кетти, билбейм. Мындан жарым жыл мурда эле мен өзүм блог же сайт ачып бербейинби деп кызыккан адамдарды издеп жүрөт элем. Адамдар өзүлөрү кайрыла баштагандары бир жагынан кубантса, бир жагынан алардын көбү блог же сайт ачаардын алдында биле турган нерселерди …

Бизде блог ачуу боюнча айрым суроо-жооптор Читать полностью »