Жыргалбек Касаболотов, Мезгил Исатов жана мен (Марат Токоев) кирген калыстар тобунун жыйынтыгы боюнча, 55 сөздөн турган кыска чыгармалар сынагында орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
🥇 Зинакан Пасаңова “Муусапырлар” атту чыгармасы менен (№72);
🥈 Кайыргүл Абдырахманова “Оксолин” деген чыгармасы менен (№10);
🥉 Асеин Маданбеков “Сакталган өмүрлөр” деген чыгармасы менен (№56).
Жеңүүчүлөрдү жеңиши менен куттуктайбыз! 🎉
Алардын ысымдары каналыбыздын “АРДАК ТАКТАСЫНА” жазылып, сынактын жыйынтыгы боюнча даярдала турган электрондук китепке киригизилет.
Ошондой эле калыстар сынакка катышкан 20 мыкты чыгарманы аныктады. Алар:
- “Маркетинг” (№59), автору Гүлнар ЭМИЛЬ
- “Мезгил” (№2), автору Абдыкерим МУРАТОВ
- “Кайырчы” (№15), автору Кубан САПАРАЛИЕВ
- “Карыз” (№50), автору Надира АБЛАСОВА
- “Куткаруучу” (№61), автору Аида САДЫКОВА
- “Ууру” (№60), автору Аида САДЫКОВА
- “Кыз” (№65), автору Айсалкын СООРОНБАЕВА
- “Кыялдар” (№71), автору Гүлзада ТУРДАЛИЕВА
- “Беш карыш жер” (№9), автору Рахат АМАНОВА
- “Бир кап ун” (№55), автору Асеин МАДАНБЕКОВ
- “Шаштырган ажал, бузулган эреже” (№64), автору Айсалкын СООРОНБАЕВА
- “Аян” (№11), автору Айгүл МАТИЕВА
- “Дос” (№16), автору Эркинбек КАМАЛОВ
- “Кесел кой” (№44), автору Асеин МАДАНБЕКОВ
- “Убакыт” (№45), автору Надира АБЛАСОВА
- “Акын аял” (№69), автору Гүлзада ТУРДАЛИЕВА
- “Сүрөттүн аты – “Таарыныч” (№5), автору Абдыкерим МУРАТОВ
- “Муундар ажырымы” (№30), автору Кубан САПАРАЛИЕВ
- “Акы” (№33), автору Элеонора КЫДЫРОВА
- “Өрт” (№41), автору Гүлзада ОСОКЕЕВА
Аталган чыгармалар дагы сынактын жыйынтыгы боюнча даярдала турчу электрондук китепке киргизилет. 🎉
Белгилей кетсек, сынакка жалпы жонунан 35 автордон 72 чыгарма катышты.
Мурда белгилегенимдей, 55 сөздөн турган чыгарма кыргыз адабиятындагы жаңы жанр экенин жана да каналыбыз жаш жана ага жараша окурмандары да азырынча анчалык деле көп эмес экенин эске алсак, бул жакшы көрсөткүчтөр❗️
Сынакка кызыгып, катышып берген баардык чыгармачыл инсандарга терең ыраазычылыгымды билдирем. ❤️
Ушундай сынактар кийин да өткөрүлүп турмакчы. Анда да негизги сыйлык – сынактын жыйынтыгы боюнча даярдала турган ЭЛЕКТРОНДУК 📕 болот. Кийин ал китеп адабиятка кызыккан аудитория арасында кеңири таркатылат. Каалаган адам аны бекер жүктөп алалат. Бул биздин кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө, кыргыз тилиндеги электрондук китептердин санын өстүрүүгө кылган салымыбыз болот.
👋 Эгер сынагыбызга демөөрчүлөр чыга турган болсо, биз ыраазы гана болобуз! Демөөрчүнүн ысымы сынакка катышкан ар бир чыгарманын алдында жазылып турат!